Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Президент Карзай НАТОну 11 баланын өлүмү үчүн күнөөлөдү


7-апрелде Кунар аймагындагы Шигал районунда НАТОнун талиптерге каршы багытталган чабуулунан 11 наристе мерт кеткени кабарланууда. Ооганстандын президенти Хамид Карзай НАТОну балдардын өлүмү үчүн айыптап чыкты.

Ооган президентинин билдирүүсүндө карапайым калк жашаган чөлкөмдө аскердик операциялардын жүрүшүн, ал эми талиптердин жарандарды калкан катары колдонушун айыптай турганы айтылат. Операциядан алты аял жарадар болгону да расмий кабарланууда. Ооганстандын ички иштер министринин маалыматы боюнча өлтүрүлгөн алты талиптин арасында эки аскер башчысы да бар.

XS
SM
MD
LG