Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Навальныйдын адвокаттарынын талабын сот "уккан жок"


Орусиянын Киров облусунун соту антикоррупциячыл блоггер Сергей Навальныйдын адвокаттарынын жараянды кийинкиге жылдыруу өтүнүчүн четке какты.

Бүгүн эртелеп сот Сергей Блинов адвокаттардын кылмыш процедурасы бузулгандыктан, ишти кайра тергөөгө жиберүү, 7 500 барак материал менен таанышканга убакыт берүү жана калыс болбогондуктан сотко төрагалык кылгандан баш тартуу талабын канааттандырган эмес.

Владимир Путиндин үчүнчү мөөнөт президент шайлануусуна каршы өткөн массалык акциялардын лидерлеринин бири саналган Навальный сотто ал саясый жүйөдөн айыпталып жатканын айтты: "Бул иштин башкы максаты - президент Путинди мыйзамсыз шайлоого бардырбоого багытталган өнөктүк үчүн бизден саясий өч алуу. Ал Орусиядагы бийликти мыйзамсыз басып алды”.

510 миң долларга каргай жыгач уурдады деп айыпталып жаткан Навальный 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG