Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Иранда президенттикке талапкерлерди каттоо башталды


Президенттикке талапкер болгусу келгендер алдыдагы беш күн ичинде каттоодон өтүш керек. Андан кийин алар өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи дайындаган жана динчилдерден турган кеңеш тарабынан иргелет. Талапкерлерге шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө төрт жума убакыт берилет.

Шайлоо 11-июнга мерчемделген. Анда саясий консерваторлор үстөмдүк кылары күтүлүүдө. Ал эми чачыранды болуп кеткен реформачыл күчтөр азырынча бир талапкер чыгара элек.

Учурдагы президент Махмуд Ахмадинежад шайлоого катыша албайт. Ал өз администрациясынын мурдагы башчысы Эсфандиар Рахим Машаини колдоору күтүлүүдө.

Быйылкы президенттик шайлоо шектүү өзөктүк программасынан улам Иран олуттуу экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан кезде өтүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG