Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:08

Оң рулдуу унаалардын айдоочулары акция өткөрөт


“Президентке белги бер!” деп аталган акцияда айдоочулар президентти оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салган мыйзамга кол койбоого чакырышмакчы. Акциянын уюштуруучуларынын бири Азамат Аттокуровдун “Азаттыкка” билдиришинче, мындай мыйзам долбоору жарандардын эркиндигин чектеп жатат.

Жогорку Кеңеш 18-апрелдеги жыйынында унаа каражаттары тууралуу мыйзам долбоорду көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Анда оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салуу каралган. Мыйзамдын демилгечилери мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн керек экенин айтышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG