Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:15

Ариэл Шарон өлүм менен өмүрдүн ортосунда


Дээрлик сегиз жылдан бери эсине келбей жаткан Израилдин мурдагы премьер-министри Ариэл Шарондун абалын догдурлар өтө оор деп баалашууда. Жума күнү Тел-Авивге жакын жердеги "Тел а-Шомер" ооруканасынын башкы дарыгери Зеев Ротштейн “Шарон өлүм менен өмүрдүн ортосунда, анын эң маанилүү органдары иштебей жатат”,-деп билдирди.

Шарондун кашында эки уулу турат. 85 жаштагы Ариэл Шарон 2006-жылы жүрөгүнөн инсульт кармап, эс-учунан тангандан кийин жасалма дем алдырууга туташтырылган.

Шарон израил өкмөтүн 2001-2006-жылдары жетектеп турган. 2005-жылы жөөт конуштарын Газа тилкесинен көчүрүү боюнча буйрукка кол койгон. 1967-жылы алты күндүк согушта танк дивизиясын жетектеген, 1973-жылы Суэц каналы үчүн кармашта өзгөчөлөнгөн. Ушул окуялардан кийин Шарон Израилдеги өтө популярдуу адамдардын бирине айланган.

XS
SM
MD
LG