Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Оштогу авиакассалар мигранттарга маалыматты сатууда


Орусияга бараткандардан кара тизмеге кирип-кирбегенин текшерип берүү үчүн Оштогу авиакассалар акча алып жатканын укук коргоо уюмдары маалымдады. "Эдвокаси" укуктук борборунун юристи Улан Бекмуратов интернет аркылуу эле ар бир адам Орусиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесин текшере алаарын, аны акысыз маалымдоо керектигин билдирди.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, бул электрондук кызмат 2013-жылдын 29-ноябрынан ишке кирген. Ошондон бери жалпысынан 54 миң чет элдик жаран өзүн тизмеден текшерип, алардын ар бир бешинчиси Орусияга кире албаарын билишкен. Учурда 394 миң чет элдик жаранга Орусиянын эшиги жабык. (SA)

XS
SM
MD
LG