Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Чек арада алака токтоп, аткезчилик жанданды


Баткен. Самаркандек айылы. 1-январь, 2014-жыл
Баткен. Самаркандек айылы. 1-январь, 2014-жыл

Баткендин Ак-Сай айылында 11-январь күнү болгон кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан бери абал тынч. Жаңжалдын чыгуусуна себепчи болгон Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу уланып жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы "Самаркандек" базарында кадимкидей соода-сатык уланып жаткандай туюлганы менен демейде сооданы кызытып, жандантып турчу кошуна тажиктер бүгүн келген жок. Буга 11-январдагы эки өлкөнүн чек арачыларынын ок атышуусунан кийинки түзүлгөн кырдаал себеп. Учурда кыргыз-тажик чек арасы жабык турат.

Жергиликтүү тургундар чек арадагы эки элдин ортосунда алака жок болсо жашоо кыйындарын, андыктан тийиштүү жетекчилер мамилени сүйлөшүү жолу менен жөнгө салышы керектигин айтышууда.

Самаркандек айылынын тургуну Нурбек Арапов чек арадагы чыңалган абал эки элдин бири-бири менен мамиле түзүүсүнө тоскоол болуп жатканына кабатыр:

- Коңшу болгондон кийин алака-катыш сөзсүз керек. Айрыкча, соода-сатык жаатында. Эки элдин мамилесин атайын бузуп жаткан кимдир бирөөлөр бар да. Беш кол тең эмес, эл болгондон кийин жакшы да, жаман да адамдар болот.

Чек арадагы чырдан чыгышына себеп болгон Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык айланма жолунун курулуш иштери былтыр жаз айында башталган. Бирок Ворух анклавындагы тажик жарандары каршылык көрсөтүп, иш токтоп калган эле. Анда да эки тарап тең жол тосуп, ташбараңдан адамдар жаракат алган, унаалар талкаланган.

Өткөн 2013-жылдын 17-декабрында да Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш болуп, эки тараптан тең жол жабылган. Бул жаңжалга Тажикстанга жакын жердеги кыргыз жаранына тиешелүү чайкананын өрттөлүшү себеп болгону айтылган.

Ак-Сай айылынын эли чайкананы өрттөгөндөрдү таап, жазалоодон сырткары Ворух анклавын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун куруу маселесин чечүүнү да талап кылышкан.

Учурда бул жолдун курулушу жүрүп жатат. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаковго кайрылганыбызда, ал иш токтобостон улана берерин айтты:

- Жолдун курулушу жүрүп жатат. Курулушчуларды көзөмөлдөп туруу үчүн күч кызматтары жетиштүү.

Азырынча чек арадагы абалды жөнгөрүү же жолдун курулушун бир жактуу чечүү боюнча эки тарап бир пикирге келе элек. Чек аралаш аймакта болсо абалды көзөмөлдөгөн күч түзүмдөрүнө кол кабыш кылуу үчүн жергиликтүү тургундардан ыктыярчылар тобу түзүлгөн.

Көк-Таш айылынын тургуну Абдыганы Сатаров да ыктыячылардын тобунда. Анын айтымында, чек ара жабылганы менен аткезчилик токтой элек:

- Азыр биздин айылдан да балдар уюшуп чек арачыларга кол кабыш кылып жатабыз. Аткезчилик жүктөр баягыдай эле өтүп жатыптыр, аны дагы карашыбыз зарыл. Түзүлгөн кырдаал чечилмейинче, чек ара толук жабылышы керек. Ошондо кошуналар менен так сүйлөшүүгө болот. Азыр эле мына Тажикстанда бензинге болгон баа өсүп, литри 80 сомго чыкканын айтышты. Күрүч дагы кымбаттады дешти. Булардын баары мурда бизден кирчү да.

Аткезчилик кылгандардын аягы суюла электигин Чек ара кызматы тараткан маалыматтан билүүгө болот. Кечээ 17-январда эле кыргызстандык эки жаран коңшу өлкөгө сүт азыктарын, цитрус жемишин ири көлөмдө алып бараткан жеринен кармалган. "Бул мурда ташылып жүргөн товарлардын көлөмүнө караандабаса дагы, чек ара жабылгандан кийин мыйзамды сыйлашыбыз керек да",- дешет жергиликтүү ыктыярчылар.

Баткен облусунда кошуна өлкөлөр менен чек аранын 70 пайыздайы али такталбай, шарттуу чек ара сызыгы бойдон турат. Көпчүлүк жаңжалдар ушу чек аранын айынан чыгып келет.

XS
SM
MD
LG