Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Брахими Сирия боюнча сүйлөшүүнү улантууга чакырды


Бүгүн Бириккен Улуттардын Сирия боюнча элчиси Лахдар Брахими Мүнхен Коопсуздук конференциясында дүйнө лидерлери менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Мунун алдында Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүсү бир жумага созулуп, бирок жыйынтыксыз аяктады. Брахими Сириянын өкмөтү менен оппозицияны 10-февралдан тартып сүйлөшүү үстөлүнө кайра отургузууну сунуш этүүдө. Эки тарап тең 130 миңден ашык киши набыт болгон 3 жылдык согуш үчүн бири-бирин күнөөлөп жатат. Алар согушту токтотуунун жолдору жана жаңы өкмөткө президент Асад кириши керекпи деген маселенин айланасында бир пикирге келе албай жатышат.

XS
SM
MD
LG