Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

АКШ Болотная боюнча “акыйкатсыздыкты” оңдоого үндөдү


Полиция Москвадагы соттун маңдайынан кармап кеткендердин катарында Алексей Навальный да бар болчу, 24-февраль, 2014
Полиция Москвадагы соттун маңдайынан кармап кеткендердин катарында Алексей Навальный да бар болчу, 24-февраль, 2014
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Москванын Болотная аянтындагы демонстрацияда кармалгандардын ичинен сегиз кишиге чыгарылган соттун өкүмүн акыйкатсыз болду деп, орус өкмөтүн муну оңдоого чакырды.

Мамдепартаменттин расмий өкүлү Жен Псаки ал кишилердин иши “саясий өңүттө гана каралаарын”, азыр Москва сотунун өкүмүнө АКШ “иренжип, көңүлү калып турганын” айтты. Ушул аптада соттун өкүмү чыгарылып жатканда жүздөгөн демонстранттарды полиция кармап кеткенине да АКШ өкмөтү тынчсыздануусун билдирээрин кошумчалады өкүл.

“Полициянын буйругуна баш ийбегени үчүн” 10 күнгө камалган демонстранттардын катарында оппозиция лидерлери Борис Немцов менен Алексей Навальный бар болчу.

XS
SM
MD
LG