Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Тегеран баш жагы бөлүнүп кетүүчү ракеталарга ээ болгонун билдирди


Ирандын коргоо министри Хоссейин Дехкандын билдирүүсүнө караганда, Ирандын куралдуу күчтөрү баш жагы бир нечеге бөлүнүп кетүүчү төрт түрдүү ракета менен жабдылды. Маалыматка караганда, ал ракеталар “Кадр", "Киям", "Фатех" жана "Персия булуңу" деп аталат. Дехкандын айтымында, Иран өзүнүн куралдарын өркүндөтүүнү токтотпойт.

Ал эми Батыштын санкциялары өлкөнүн коргоo тармагына зыян келтире алган жок. Иран ар дайым курал-жарактарын өркүндөткөнүн билдирип келатат. Бирок анын чындыгын тастыктаган экинчи булак жок. Бирок Пентагон Иран ракета курууда ийгиликтерге жетишкенин өткөн жылдары белгилеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG