Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Меркел Орусияга эскертүү жасады


Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусия Крымдагы аракеттеринен улам олуттуу саясый жана экономикалык проблемаларга туш болушу ыктымал деп эскертти. Бундестаг депутаттарына кайрылган канцлер “Орусия ушул багытынан жазбаса, анын арты Украинаны апааттын жарына гана такабастан, Евробиримдик менен Москванын мамилесин өзгөртөт" деди.

Бир нече күн мурун орус аскерлери Украинанын курамындагы Крым облусун басып алган. Ушул дем алыш күндөрү болсо жарым аралдын москвачыл бийликтери Орусияга кошулуу референдумун өткөргөнү жатат.

Меркелдин айтымында, Украинанын аймактык бүтүндүгү “талкууланбай турган маселе” жана Орусия армиясынын Крымга жайгаштырылышы эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелет. Канцлер Орусия сүйлөшүүлөрдү баштоого көнбөсө, Евробиримдик санкция колдонууга даяр экенин айтты.

Бүгүн Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде сүйлөмөкчү. Анын алдында Яценюкту АКШ президенти Барак Обама кабыл алып, колдоосун билдирген.

XS
SM
MD
LG