Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Борбор Азия жетекчилери Ооганстандагы Ноорузга катышат


Кабул шаарында 27-мартта белгиленүүчү Нооруз салтанатына Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана башка мусулман өлкөлөрдүн президенттери чакырылган.

Майрам тосууга алгачкылардан болуп шаршембиде тажик президенти Эмомали Рахмон барды. Кыргызстандын делегациясын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жетектөөдө.

Бүгүн ооган баш калаасына Иран, Азербайжан, Пакистан жана Казакстан президенттеринин, Өзбекстан жана Түркмөнстандын расмий өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.

Жалпысынан 11 өлкөдөн барган расмий делегациялар майрамдык салтанатка катышуудан сырткары соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

XS
SM
MD
LG