Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Мушаррафка чыккынчылык кинеси тагылды


Пакистандын атайын трибуналы өлкөнүн мурдагы аскерий жетекчиси Первез Мушаррафка расмий түрдө "мамлекетке чыккынчылык" кинесин такты. Мурдагы президент бардык күнөөлөрдү моюнуна алган жок жана ага коюлган бардык беш айыпты четке какты.

Үч мүчөдөн турган Исламабаддагы трибунал эгер Мушарраф сот отурумуна келбесе, аны кармоого буйруган.

Мурдагы пакистандык лидер декабрда башталган сот жараянынын бир нече отурумуна келген эмес. Мамлекетке чыккынчылык боюнча сот процесси Пакистандын жарандык администрациясы менен өлкөнүн күчтүү армиясы ортосунда кагылышка себепкер болот деген коркунуч жаратты.

Сот иши Мушарраф 2007-жылы өлкөдө чукул кырдаал абалын жарыялап, сотторду иштен алганынан келип чыккан.

XS
SM
MD
LG