Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Бишкек жылуулук борборун жаңылоо иштери башталды


Кечээтен тарта Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жылуулук борборун жаңылоо иштери 2017-жылга чейин уланат. Бул аралыкта борбордун бардык жабдуулары жаңыртылып, кубаттуулугу 300 мегаваттка көбөйтүлмөкчү. Муну менен абага чыгарылган көмүр кычкыл газы кескин азаят.

Модернизациялоону кытайлык ТВЕА компаниясы жүргүзөт. Бул долбоорго кыргыз өкмөтү Кытайдан 386 миллион доллар насыя алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG