Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Ажыга баруучуларды каттоо башталды


Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылыкка баруучуларды каттоого ала баштады. Зыяратчылардын тизмесин толуктоо 12-июнга чейин созулат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Катоо иштери ар бир аймакта жүргүзүлөт.

Быйыл ажыга баруунун баасы 2400 доллар деп бекитилген. Сауд Арабия Кыргызстанга 3685 ажылык квота бөлгөн.

Эгер Мекеге барам дегендердин саны аймактарга бөлүнгөн квотадан ашып калса, анда бир канча адамдан турган комиссия ажылыкка барууну каалагандар ортосунда чүчү кулак өткөрөт. Ага катышып, быйылкыга илинбей калгандар кийинки жылы алдыңкы тизмеге киргизилет. (SE)

XS
SM
MD
LG