Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Крым татарлары эскерүү жүрүшүн өткөрүшпөйт


Крым татарларынын лидерлери сталиндик депортациянын 70 жылдыгын эскерген массалык иш-чараны өткөрбөөнү чечишти. Крым татарларынын өзүн өзү башкаруу органы – Межлистин сайтында айтылгандай, 18-майда Симферополдун борборунда салттуу жүрүш болбойт. Анын ордуна татарлар диний борборлордо жана башка жерлерде чогулушмакчы. Алдыңкы күнү Крымдын орусиячыл лидери Сергей Аксенов 6-июнга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган токтом чыгарган. Анын айтымында, мындай чечим Украинанын чыгышындагы зордук-зомбулуктан улам кабыл алынды.

1944-жылы 200 миңден көп крым татары жарым аралдан сүргүнгө айдалган.

БУУ 16-майда жарым аралдын аннексиясынан бери крым татарлары куугунтуктоолорго жана кысмактоого туш болуп жатканын айтып, камтамачылык билдирген.

XS
SM
MD
LG