Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Путин менен Олланд Украина маселесин талкуулашат


Орусиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун билдирүүсүнө караганда, 5-июнда Парижде орус президенти менен Франциянын лидеринин жолугушуусунда Украина маселеси талкууланат. Президент Путин Францияда Экинчи дүйнөлүк согуштун бүтүшүн белгилөөгө байланыштуу иш-чарага катышат.

Украинадагы абалга токтолгон Юрий Ушаков украин өкмөтүнүн өлкөнүн чыгышындагы аракеттери абалды ого бетер оорлоштуруп, туңгуюкка алып баратат деген.

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Петро Порошенко “Билд” журналына курган маегинде “Украинага каршы чыныгы согуш жүрүп жатат, биз бул алааматты токтотобуз” деп билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG