Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Газ боюнча Берлинде сүйлөшүү өтөт


Европа Биримдигинин маалымдоосуна караганда, 30-майда Берлинде Украина, Орусия жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү чогулуп, Москва менен Киевдин ортосундагы газ талашын чечүүгө аракет жасайт. Сүйлөшүүгө катыша турган Европа Биримдигинин энергетика боюнча комиссары Гюнтер Эттингердин кеңсесинин маалыматына караганда, "Газпром" Украинанын газ үчүн карызы 5 млрд. 200 млн. долларга жетти деп, аны 7-июнга чейин төлөөнү талап кылган.

Орус тарап 30-майга чейин жок дегенде 2 млрд. доллар төлөнүш керектигин билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG