Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

АКШ сириялык качкындарга жардамын көбөйтөт


Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ливанга иш сапары менен келген учурда билдирди.

Ак үй сириялык үч миллионго жакын качкын үчүн кошумча 290 миллион доллар көмөк көрсөтмөкчү. Каражат БУУ жана бейөкмөт уюмдар аркылуу Ливан, Иордания, Түркия, Ирак жана Египетте баш калкалап жүргөн сириялык жарандарга берилет.

Жардамдын көп бөлүгү, тагыраак айтканда, 51 миллион доллары Ливандагы качкындарга жумшалат.

Сириядагы согуш Ливан мамлекетинде да өз ара бөлүнүп-жарылууларга себеп болууда. Өлкөнүн шиит коомундагылар Башар Асаддын саясатын колдосо, сүннит жамаатындагылар оппозициянын аракетин туура деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG