Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Сирияда Башар ал-Асад бийликте калды


Сирия парламентинин төрагасы президент Асад шайлоодо добуштардын дээрлик 90% алып, жеңип чыкканын бышыктады. Добуш берүүгө шайлоочулардын 73% ашыгы келгендиги кабарланууда. Орусия Сириядагы шайлоого жогору баа берди. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Александр Лукашевич «шайлоо 100% демократиялуу болбосо дагы анын мыйзамдуулугунда күмөн жок» деди. Сириянын оппозициясы менен катар Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Кошмо Штаттар бул шайлоону көз боемочулук деп сынга алган. Добуш берүү өкмөт күчтөрү кармап турган аймактарда гана өткөрүлдү. Сирияда жарандык согуш үч жылдан бери токтобой келатат.

XS
SM
MD
LG