Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

"Кыргызгазды" Орусияга өткөрүү жараяны аяктай элек


"Кыргызгаз" ишканасын Орусиянын "Газпромуна" өткөрүп берүү жараяны аяктай элек. "Азаттыкка" аталган компаниядан кабарлашкандай, учурда документ, активдерди орус тарапка өткөрүү боюнча юридикалык процедуралар жүрүп жатат.

"Кыргызгазды" сатуу келишимине кол коюлуп жатканда "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер бардык документтер толтурулуп бүткөндөн кийин ал ишкана "Газпром Кыргызстан" деп аталып каларын, ошондо гана ал толугу бойдон орусиялык деп эсептелинерин айткан болчу.

Ал арада эки айдан бери Ош шаары газсыз отурат. "Кыргызгаз" ал жакка газды Өзбекстандан тартып келчү. Бирок ишкана Орусияга сатылгандан кийин өзбек тарап куурларын жаап койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG