Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Казакстанда “Хизб ут-Тахрирдин” беш мүчөсү камалды


Алматыда сот ишмердигине тыюу салынган исламчыл топ “Хизб ут-Тахрирдин” беш мүчөсүн алты жылдан жети жарым жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кести. Шаардык соттун расмий өкүлү Куандык Эшмет “Азаттыкка” билдиргендей, беш кишини сот дүйшөмбүдөгү өкүмүндө “диний араздашууну тутантып, өлкөдө тынчтыкты бузуп, терроризмди пропагандалаган” деп тапкан.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан “Хизб ут-Тахрир” сунни саясий уюму бүтүн мусулман өлкөлөрү ислам халифатына биригишин каалайт. Казак өкмөтү бул топтун ишине 2005-жылы тыюу салып, анын мүчөлөрүн “экстремист” деп атаган.

XS
SM
MD
LG