Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Украин армиясы үч кыштакты орусиячыл жикчилдерден бошотту


Украин армиясы өлкө чыгышында орусиячыл жикчилдерге каршы чабуулду күчөтүүдө. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко акыркы бир күндөгү 100дөн ашуун чабуул учурунда төрт аскер окко учканын, үч кыштак козголоңчулардан тазаланганын билдирди.

Украинадагы кризистик кырдаал Берлинде болчу кездешүүдө талкууланат. Ага Украина, Орусия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери катышат.

Орусиянын тышкы иштер министри С. Лавровдун айтышынча, Украина президенти П. Порошенконун ок атышпоо чечимин улантпай койуусу Украин мамлекети үчүн күтүлбөгөн жаңы кан төгүүлөргө алып барат. Порошенко 20-июнда жети күнгө жарыяланган ок атышпоо жараянын жарыялап, кийин аны дагы үч күнгө узарткан жана ал 30-июнда аяктаган.

XS
SM
MD
LG