Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:25

Азербайжандан арзан шекер келди


Кыргызстанга Азербайжандан 4600 тонна шекер ташылып келгенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз өкмөтү Азербайжан менен 10 миң тонна шекер сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Анын алгачкы партиясы - 4600 тоннасы ташылып келди. Калган бөлүгү июлдун аягына чейин ташылып келээри күтүлүүдө. Өкмөт мындай жол менен жарандардын шекерге болгон талабын канааттандыруу жана өлкө базарларындагы шекердин баасын туруктуу кармоо максатын көздөп жатат. Азербайжандан келген шекердин бир килограммы Бишкекте 44 сом 80 тыйындан, Ошто 46 сом 60 тыйын, Кызыл-Кыяда 47 сом 10 тыйындан сатылмакчы. Учурда базарда шекердин баасы 50 сомдон жогору.(BkA)

XS
SM
MD
LG