Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Керри ооган шайлоосунан кийинки кризисти Кабулда талкуулап жатат


Жон Керри (оңдо) Ооганстанда президенттикке талапкерлердин бири Ашраф Гани менен сүйлөшүүнүн алдында, Кабул, 11-июль, 2014
Жон Керри (оңдо) Ооганстанда президенттикке талапкерлердин бири Ашраф Гани менен сүйлөшүүнүн алдында, Кабул, 11-июль, 2014

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Ооганстанда шайлоонун айланасында жаралган кризисти чечүү үчүн бүгүн Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ал эртең менен өлкөнүн азыр кызматтан кетип жаткан президенти Хамид Карзай, андан кийин президенттикке талапкерлердин бири Ашраф Гани менен сүйлөшүүдө. Гани менен сүйлөшүүнүн алдынан өткөн маалымат жыйынында Керри: "Доктор Гани буга чейинки билдирүүсүндө азыр эч ким шайлоодо жеңдим деп айта элек деген. Шайлоонун жыйынтыгы дале толук чыгарыла элек, демек, проблемалар дагы чечилиши керек. Ошондуктан доктор Гани бул фактыны урматтап жатканына мен абдан кубанып турам", - деди мамкатчы.

Жалпысынан шайлоодо топтолгон 8 млн. бюллетендин үч миллиону кайра саналышы мүмкүн. Бүгүн АКШнын мамкатчысы Керри экинчи талапкер Абдулла Абдулла менен да жолугушмакчы.

Ооганстанда президенттик шайлоонун 14-июнда өткөн экинчи айлампасынын алдын ала жыйынтыгында Гани өзүнүн атаандашына караганда 1 млн. добуш көбүрөөк алганы айтылган эле, бирок Абдулла аны “бурмалоолордун негизинде алынган добуш” деп, жыйынтыкты тааныбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG