Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Ошто “Ынтымак” радиосунун журналисти токмоктолду


Даврон Насибханов.
Даврон Насибханов.

“Ынтымак” радиосунун журналисти, акын Даврон Насибхановду 17-августтун кечинде Ош шаарындагы батирине жакын жерден токмоктоп кетишти. Аны жаш курагы 30дар чамасындагы төрт жигит адегенде жолун тороп, акча сураган. Насибханов акчасы жоктугун айткан соң алар ур-токмокко алып качып кетишкен. “Азаттык” Даврон Насибханов менен байланышканда, ооруканада орун жоктугуна байланыштуу учурда үй шартында дарыланып жатканын, 18-август күнү Ош шаарынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнө арыз менен кайрылганын билдирди.

Насибханов бул кол салууну кесибине байланыштырбайт.

33 жаштагы өзбек тектүү акын, журналист Даврон Насибханов 2012-жылдан бери Ош шаарындагы Коомдук “Ынтымак” телерадио компаниясында журналист болуп эмгектенет.(SA)

XS
SM
MD
LG