Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Ашхабаддын тургундары нааразылык акциясына чыгышты


Түркмөнстандын борбору Ашхабаддын жашоочулары ишемби күнү нааразылык акциясына чыгышты.

Борбордун Парахат-7 микрорайонунун 50гө чукул тургуну шаар бийликтеринин көп кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлерди алуу буйругуна каршы чыгышты. Жайкысын 50 градуска чейин ысык болгон шаар тургундары сергитүүчү жабдыктар эң керектүү буюм экенин айтып, аларды алуу үчүн келген крандардын жолун тосуп өткөрбөй турушту. Айрым тургундар шаар бийлигине барып, нааразылыгын билдирүүгө да чакырып жатышты. Авторитардык режим өкүм сүргөн Түркмөнстанда мындай нааразылык акциялары сейрек болчу көрүнүш.

XS
SM
MD
LG