Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Ирак парламенти жаңы өкмөттү жарым-жартылай бекитти


Ирак парламенти кечээ күнү премьер-министр Хайдер ал-Абади башында турган өкмөттү бекитти. Бирок өкмөт башчы негизги министрликтерден болгон коргоо жана ички иштер министрликтерине дайындоого кошумча кеңешүүлөр керектигин билдирди. Парламент мурунку өкмөт башчылар Нури ал-Малики, Ияд Алави жана мурунку төрага Усама ал-Нужаифини вице-президенттикке бекитти. Салех ал-Мутлаки, Хошияр Зибари жана Бахаа ал-Аражи вице-премьер-министр, ал эми мурунку өкмөт башчы Ибрагим ал-Жафари Тышкы иштер министрлигине шайланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG