Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Кабулда жанкечти чабуулунан үч чет элдик аскер өлдү


Жарылуу болгон жер. Кабул, 16-сентябрь, 2014-жыл.
Жарылуу болгон жер. Кабул, 16-сентябрь, 2014-жыл.

Жанкечти айдаган бомбалуу унаа АКШ элчилигинен көп алыс эмес жерде, аэропортко кетүүчү чоң жолдогу автокербенди бутага алган. Андан өлгөн үч чет элдик аскер кайсыл өлкөдөн экени азырынча айтыла элек. Алардан тышкары жарылууда 13 киши жарадар болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Талибан алды.

Талаштуу президенттик шайлоо жыйынтыктала албай жаткан Ооганстанда азыр саясий абал чыңалып турат.

Учурдагы мамлекет башчы Хамид Карзайдын президенттикке талапкерлер Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла менен кечээги кездешүүсүндө тараптар мунасага жетишкени кабарланды.

Ганинин шайлоо штабынын өкүлү билдиргендей, эки талапкердин бийлик бөлүшүүсүн караган келишимге бүгүн кол коюлуп калуусу мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG