Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Биринчи май сотунда Максим Бакиевдин иши каралууда


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев жана анын өнөктөштөрү Михаил Надел менен Евгений Гуревичтин үстүнөн сот жараяны башталды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аларга каржылык мыйзамды бузган, алдамчылык менен алектенген деген айып тагылууда.

Максим Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Апрель ыңкылабынан кийин Максим Бакиевге коррупциялык иштерге аралашкан, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген деген өңдүү айыптардын негизинде кылмыш иш козголгон, эл аралык издөө жарыяланган. Былтыр март айында сот болуп ал сыртынан 25 жылга кесилген болчу. Ал эми Бакиевдин каржы кеңешчиси Евгений Гуревичке финансылык көз боёмочулук боюнча айып тагылып, 2011-жылы 15 жылга сыртынан кесилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG