Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Путин ММКдагы чет өлкөлүктөрдүн үлүшүн чектеген мыйзамга кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин маалымат каражаттардагы чет элдиктердин үлүшүн чектөө боюнча мыйзам долбоорго кол койду. Мыйзамга ылайык, Орусиядагы маалымат каражаттарында чет өлкөлүк капитал 20% ашпоого тийиш. Азыркы кезде иштеп турган мыйзамда чет өлкөлүктөрдүн Орусиядагы маалымат каражаттарынын 50% чейин ээлик кылуусуна уруксат берилген. Мамлекеттик Дума аталган мыйзам долбоорду сентябрдын соңунда кабыл алган.

Мындай чектөө орусиялык, бирок башка өлкөнүн жарандыгын алгандарга да тишелүү. 2016-жылдын 1-январына чейин бул норманы аткарбаган ММКлардын иши токтотулат.

Мурдараак Мамдуманын төрагасы Сергей Нарышкин бул мыйзам долбоор өлкөнүн суверендүүлүгүн коргоо максатында иштелип жатканын билдирген. Бул өзгөрүүлөр кабыл алынып калса, Орусиядагы маалымат каражаттарынын жарымынан көбү ушул чектөөгө кабылары айтылууда. Айрымдар муну маалымат каражаттарына кысым деп сындап жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG