Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Түндүк Корея лидеринин кызыл ашыгына операция жасалган


Ким Чен Ын жаңы курулган турак -жай комплексине инспекция жасаган учур. 14-октябрь, 2014-жыл.
Ким Чен Ын жаңы курулган турак -жай комплексине инспекция жасаган учур. 14-октябрь, 2014-жыл.

Кабарларга караганда, мына ушундай маалыматка Түштүк Кореянын чалгын мекемеси ээ болгон.

Жергиликтүү “Ионхап” кабар агенттиги маалымдагандай, Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы аларда Түндүк Корея лидеринин кызыл ашыгына операция жасалып, киста алынды деген маалымат бардыгын парламентте, жабык эшик артындагы жыйын жүрүшүндө билдирген.

Ким Чен Ынга операция сентябрда же ушул айдын ичинде чет элдик дарыгерлер тарабынан Пхеньянда жасалган. Ал буга чейин алты аптадай коомчулукка көрүнбөй калган эле. Бул өз кезегинде анын саламаттыгы боюнча жоромолдорду жараткан болчу.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары октябрдын башында Ким Чен Ындын таяк менен жүргөн сүрөтүн жарыялашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG