Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолугушту


7-ноярбь күнү Тажикстандын Кожент шаарында Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери жолугушуп, 2014-2017-жылдарга коңшу эки облустун достук кызматташуу боюнча протоколуна кол коюшту.

Жолугушууга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Абдурахмон Кодири, эки тараптан облустук күч кызматтарынын жетекчилери катышты. Жыйында туризмди эки тараптуу өнүктүрүү, соода-сатык, саламаттыкты сактоо жана курулушту жандандыруу жаатында сөз болуп, өзгөчө абал жаралган учурда биргелешип жайгаруу макулдашылды.

Быйыл жыл башынан бери Баткен облусунун Тажикстандын Согди облусу менен чегаралаш аймактарында 35 жаңжал катталып, үч ирет чек арачылардын ок атышуусу менен коштолгон. (JsA)

XS
SM
MD
LG