Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Кыйноодон талкаланган тагдырлар


Улуттук борбор Башкы прокуратурага кыйноолор боюнча иштеген атайын бөлүм түзүп, алдын алуу иштерин күчөтүүнү сунуштоодо.
Улуттук борбор Башкы прокуратурага кыйноолор боюнча иштеген атайын бөлүм түзүп, алдын алуу иштерин күчөтүүнү сунуштоодо.

Бүгүн бүткүл дүйнөдө Адам укуктарынын күнү белгиленүүдө. Жарандардын укуктарын коргоо жаатында Кыргызстанда бир катар аракеттер көрүлгөнү менен кыйноолорго каршы күрөш чабал жүрүп жатканы сынга алынууда.

Тогуз айда Кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча түзүлгөн улуттук борбор прокуратура органдарына 65 арыз өткөрүп берсе, алардын төртөөнө гана кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары психиатриялык ооруканаларда, карылар үйлөрүндө жана интернаттарда кыйноо учурлары кездешерин аталган борбордун жетекчиси Бакытбек Рысбеков белгиледи. Ошол эле кезде Башкы прокуратура жабык жайларда кыйноо, ырайымсыз мамиле кылган учурлар азайып жатканын айтып келет.

Кыйноолор укук коргоо органдары тарабынан кп болот деп айтылып келет.
Кыйноолор укук коргоо органдары тарабынан кп болот деп айтылып келет.

Өзүн Марат деп тааныштырган жигит уурулук, каракчылык, талап-тоноо беренелери боюнча төрт жолу соттолуптур. Өзүнүн айтымында, биринчи жолу кыйноонун негизинде күнөөнү мойнуна алган. Бешинчи жолкусунда аны милиция кызматкерлери уруп-согуп, өздөрүнүн терс иштерине пайдаланып келишкен. Учурда тартип коргоо органдарынан качып жүргөн Марат “Азаттыкка” сүйлөп берүүгө макул болду.

- Мени биринчи кармаганда эле аябай сабашкан. Бөтөлкө, дубинка менен урушкан. Дагы урбасын деп күнөөнү мойнума алдым. Ур-токмоктон шишип кеткенимди аялым, жээним көрүшкөн. Тергөөчү бул боюнча иш козгоодон баш тарткан. Кийин төртүнчү жолу абактан чыгып, катталуу үчүн бардым. Ошол жерде аймактык милиция жана башка кызматкерлер менен тааныштым. Алар мага героин берип, планды толтуруу үчүн чогуу иштешүүнү сунуштап, коркутушту. Макул болбосом кайра түрмөгө жөнөтөбүз деп, уруп-согушту. Мен героинди бейкүнөө адамдарга эле байкатпай салып, милицияларга карматчумун. Анын айынан үч киши түрмөгө түштү. Азыр ушул иштен алыс болуш үчүн качып жүрөм.

Укук коргоочулар учурда Мараттын өмүрү коркунучта турганын белгилеп жатышат. Ал эми Кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбековдун айтымында, бул иш боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы иш козгоодон баш тартууда.

Кыргызстанда кыйноо фактылары жабык жайларда көп кезигет. Өлкөдөгү абактардын бири.
Кыргызстанда кыйноо фактылары жабык жайларда көп кезигет. Өлкөдөгү абактардын бири.

Жарандардын укуктарын сактоо жаатында Кыргызстанда бир катар аракеттер көрүлгөнү менен кыйноолорго каршы күрөш чабал жүрүп жатканы сынга алынууда. Мисалы тогуз айда Кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча түзүлгөн улуттук борбор прокуратура органдарына 65 арыз өткөрүп берсе, алардын төртөөнө гана кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары психиатриялык ооруканаларда, карылар үйлөрүндө жана интернаттарда кыйноо учурлары кездешерин аталган борбор жетекчиси Бакыт Рысбеков белгиледи.

- Үч бала кармалган. Милициянын дубинкасына презерватив кийгизип, алардын бирөөсүн зордуктаганга чейин барышкан. Бул иш боюнча биз Башкы прокуратурага кагаздарды жөнөттүк, бирок тилекке каршы далилдер жок деген жооп келди. Ал эми психиатриялык мекемелерди алсак, жумуш убактысынан кийинки учурда санитарлар бейтаптарды кыйнап, иштеткен учурлар катталган. Алар өздөрүнө тиешелүү аймакты оорулууларга тазалаткан, макул болбогондор токмок жеген. Текшерүүлөрдөн кийин бир кызматкер жумушунан четтетилген. Ошондой эле карылар үйлөрүндөгү апаларды урган учурлар да кездешет.

Укук коргоочулар кыйноо фактылары кылмышка шектүүлөр кармалган алгачкы учурларда көп катталарын жана көбүнесе милиция тарабынан жасалары айтылат. Ички иштер министрлиги бир тараптуу сындарга макул эмес. Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдин белгилешинче, кыйноо боюнча 20га чукул иш прокуратура органдарына өткөрүлүп берилген.

- Министрлик бул багытта көп эле иштерди жүргүздү. Ички иштер органынын өздүк коопсуздук кызматы 20 чакты фактыны аныктап, материалдардын бардыгын топтогон. Ага юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилген.

Буга чейин акыйкатчы Бакыт Аманбаев Кыргызстандагы убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор токтобой жатканын билдирген эле. Былтыр акыйкатчыга 15 миңден ашуун арыз-даттануулар түшкөн. Алардын 60 пайыздан ашыгы жабык жайлардагы мыйзам бузуулар боюнча болгон. Аманбаев, бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштоодо.

Өткөн жылы прокуратура органдары убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарда кыйноо жана ырайымсыз мамиле тууралуу11 кылмыш ишин козгогон. Бул 2012-жылга салыштырмалуу үч эсе аз дегенди билдирет. Анткен менен укук коргоочулар кыйноо фактылары кыйла көп экенин жана алардын бетин ачуу кыйынга туруп жатканын белгилешүүдө. Көп учурда тартип коргоо органдары андай фактыларды жок кылууга аракет кылышат. Муну сокулуктун тургуну Бекболот уулу Көчкөнбайдын окуясы көрсөтүп турат.

- Мал-жайды карап жүрсөм, эшик такылдап калды. Жарандык кийимчен адам "мени тааныйсыңбы" деп сурады. Тааныбаганымды айтсам, дароо колума кишен тагып, машинага салып кетти. Жанында эки формачан адам бар экен. Унаада эле "мойнуңа ал" деп, желим таяктар менен ургулап киришти. Ново-Павловканын ГОМуна алып баргандан кийин чечиндирип алып, дагы сабашты. Бири кол кап кийип алып, желим таяк менен бөйрөгүмө, башыма, таманыма уруп, кыйнашты. Ишти жаап салууга көп аракет болду. Кийин ал милициялардын ата-энеси келип, акча сунушташыптыр.Уруп-сабалгандан кийин саламаттыгым начарлап, башым ооруп, мурдум бат-бат канап, эмгекке жарамсыз болуп калдым.

Улуттук борбор Башкы прокуратурага кыйноолор боюнча иштеген атайын бөлүм түзүп, алдын алуу иштерин күчөтүүнү сунуштоодо. Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясы 1948-жылдын 10-декабрында Парижде Башкы Ассамблеянын жыйынында кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG