Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Обама Куба боюнча саясаттагы өзгөрүүнү жарыялайт


Ак үй билдиргендей, АКШ президенти Кубага карата саясаттагы өзгөрүүнү бүгүн жарыялайт.

Маалыматтарга караганда, Кубада Кошмо Штаттардын элчилиги ачылып, алка-катышты нормалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр башталмакчы.

АКШ президентине тушташ Кубанын президенти Раул Кастро да билдирүү менен чыгары күтүлүүдө.

Мунун алдында Куба АКШ жараны, кайрымдуулук уюмунун кызматкери Алан Гроссту абактан чыгарды.

65 жаштагы Гросс абакта беш жыл олтурду. Ал 2009-жылы декабрда кармалып, тыюу салынган технологияны импорттогон, кубалык жөөттөр үчүн интернет байланышын жашыруун орнотуп берүүгө аракеттенген деген айып менен 15 жылга кесилген. (UE)

XS
SM
MD
LG