Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Оторбаев өзбек кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү


Кечээ, 31-декабрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Оторбаев өзбек кесиптешин Жаңы жылы менен куттуктап, Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү жандандырганы үчүн ыраазычылыгын билдирген. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандырууну сунуштаган.

Ошко газ берүү 30-декабрда жанданды. Орусиялык “Газпром” компаниясы өзүнө таандык Gazprom Schweiz AG ишканасы аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга газ алуу келишимин түзгөнү гана айтылып, бирок анын чоо-жайы ачыкталган жок. Ага ылайык, калаага күнүнө 100 миң куб/метр көгүлтүр от берилип турмай болууда.

Кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” 2014-жылдын жазында орусиялык “Газпром” ишканасына саткан. Андан көп өтпөй, 14-апрель күнү өлкөнүн түштүк аймагына газ берип келаткан өзбекстандык "Узтрансгаз" орустар менен келишим жок деген негизде көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG