Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Оштон Орусияга учкандардын саны азайды


Ош аба майданынан Орусияга учкандардын саны 30-40 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Оштогу авиакомпаниялардын өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, жаңы жылдан бери Орусияга каттаган учактарга билеттердин 30-40% сатылбай калган.

Айрым адистер Орусияга каттагандардын азайышы жаңы жылдык эс алуулардан улам десе, эмгек мигранттары орус рублинин арзандашына жана миграциялык саясаттын катаалдаганына байланыштырууда.

Учурда Оштон Москвага билет баасы жети миң сомдун тегерегинде. Күнүнө Оштон Орусияга төрт каттам каттайт. (YI)

XS
SM
MD
LG