Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

ЕБ лидерлери Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү карайт


Евробиримдиктин лидерлери биримдиктин тышкы иштер министрлерине Украинанын чыгышындагы абал боюнча Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү маселесин да карап көрүүнү тапшырды. Министрлердин жолугушуусу 29-январда Брюсселде өтмөк болду.

Евробиримдикке кирген 28 өлкөнүн башчыларынын шейшембиде биргелешип тараткан билдирүүсүндө “Донбасста согушуп жаткан орусиячыл козголоңчуларга Кремль тарабынан колдоо күчөтүлгөнү туурасында маалымат бар” деп жазылган.

Еврошаркеттин лидерлери ошондой эле Москваны орусиячыл козголоңчулардын аракеттерин айыптап, Донбасстагы атышууну токтотуу боюнча Минск сүйлөшүүсүн аткарууга чакырды.

24-январда Украинадагы Мариуполь шаарындагы өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын ортосундагы атышуудан 30 адам набыт кетип, жүздөн ашыгы жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG