Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Токтогул жана Сүйүмбаев (мурдагы Карпинский) көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн алдына белгисиз адамдар бомба коюп кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Учурда УКМКнын саперлору унаага коюлган жардыргыч затты издеп жатышат.
Аталган даректеги көп кабаттуу үй курчоого алынып, жашоочулар көчүрүлүп жатат. Бомба изделип жаткан аймакта Свердлов райондук сотунун имараты жайгашкан. (UEz)