Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Эркин күрөш боюнча ачык чемпионатынын таймаштары өтүүдө


Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын таймаштары өтүп жатат. Ага Кыргызстандын аймактарынан 204 балбан катышууда.

6-февралда башталган биринчи мелдеш күнүндө төрт салмакта байгелер ойнотулду. Күч сынашууга 102 балбан чыккан. Жыйынтыгында өз салмактарында Улукбек Жолдошбеков (57 кг.), Сардарбек Эргешов (65 кг.), Муслим Евлоев (74 кг.) жана Магомед Мусаев (97 кг.) чемпион болушту.

Бүгүн 61, 70, 86 жана 125 кг салмакта 102 балбан байге үчүн күч сынашууга чыгышат. Чемпионаттын жыйынтыгы менен эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын мүчөлөрү аныкталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG