Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

ИИМ: Анапияевдин өлүмү тууралуу расмий маалымат келген жок


Алмамбет Анапияев
Алмамбет Анапияев

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, Минскиде табылган сөөктүн кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Алмамбет Анапияевге таандык экени тууралуу так далил жок.

“Анын тек жайын эки жол менен аныктаса болот. Же экспертизанын жыйынтыгын күтүш керек, же туугандары аны таанышы керек. Кылмыш башка өлкөдө болгондуктан ишти ошол мамлекет тергөөгө алат. Биз аларга кийлигише албайбыз”, - деди Сейитов.

Кечээ кечинде Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири атыккан Алмамбет Анапияевдин Минскиде өлтүрүлгөнү тууралуу “Азаттыкка” күч тармактарындагы ишенимдүү булактар билдирген.

Маалыматты Анапияевдин жакындары да тастыктап, аны уктап жаткан жеринде белгисиз кишилер мууздап кеткенин социалдык тармактарга жазышты. Бүгүн Минскиге Анапияевдин агасы учуп кеткени кабарланууда.

Алмамбет Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип, 2011-жылдан бери Интерпол тарабынан издөөгө алынган. Ал Дубайда жашырынып жүргөнү маалымдалган. (МТо)

XS
SM
MD
LG