Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Германия менен Орусия ЕККУну байкоочулардын санын көбөйтүүгө чакырышты


Донецк аэропорту
Донецк аэропорту

Германия менен Орусия ЕККУну Украинанын чыгышындагы байкоочуларынын санын эки эсе көбөйтүүгө чакырышты. Бул тууралуу сөз эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Франк-Вальтер Штайнмайер менен Сергей Лавровдун телефон менен сүйлөөшүсүндө жүрдү.

Кечээ Берлинде Германия, Орусия, Франция жана Украинанын өкүлдөрү Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун талкуулашты.

Ушул эле күнү Ригада Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин эки күндүк бейрасмий жолугушуусу башталды. Ал жерде да башкы темалардын бири Украинадагы кырдаал болду. (ZMa)

XS
SM
MD
LG