Өткөн жылы май айында Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоганга кол салууга аракет кылган Ферхат Йылдыз Стамбул сотунун чечими менен 11 жыл 8 айга эркинен ажыратылды.
Ферхат Йылдыз Эрдоганды колго жасалган тапанчадан Адилет жана өнүгүү партиясынын көчө акциясы маалында атып өлтүрүүгө аракет жасаган.
Прокуратура Ферхат Йылдызды 20 жылга соттоону талап кылган. (ZMa)