Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

АКШ: Орусия Украинада согуштук техникасын көбөйтүүдө


Кошмо Штаттар Орусиянын Чыгыш Украинага абадан коргонуучу кошумча системаларды жайгаштырып, ошондой эле жикчил күчтөрдү машыктырууга аралашып жаткандыгын билдирүүдө. Кечээ, 22-апрелде Мамдепартаменттин маалымат катчысы Мари Харф бул убактылуу элдешүү келишимине каршы келээрин белгиледи.

Анын айтымында, азыр Украинанын чыгышында август айынан берки эң көп санда абадан коргонуучу жабдык бар. Харфтын ырастоосунда, Орусия ошондой эле Украинанын чыгышында оор техниканы көбөйтүп, бул өлкө менен чек арасына аскер топтоп жатат.

Украинанын чыгышында жикчилер менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы кагылыштарда былтыртан бери 6 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG