Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Савченкону көптөгөн өлкөлөрдөн туулган күнү менен куттукташат


Бүгүн көптөгөн өлкөлөрдө Орусияда абакта жаткан украиналык учкуч Надежда Савченконун туулган күнүнө карата аны колдогон акциялар өтөт. Савченко бүгүн 34 жашка толууда, анын Орусияда абакта жатканына 329 күн болду.

Киевдеги акцияда ак шар көтөрүп чыгышкан активисттер Орусиядан аны бошотууну талап кылышарын уюштуруучулар кабарлашты.

Савченко былтыр жайда Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилдер тарабынан барымтага алынган. Ал Украинанын түштүк-чыгышында орусиялык эки журналисттин каза болушуна тиешеси бар деп айыпталууда. Савченко күнөөсүн четке кагууда. Сот февралда анын камакка алынышын 13-майга чейин узартууну чечкен.

XS
SM
MD
LG