Эки күн мурда камакка алынган депутат Карганбек Самаковго каршы көрсөтмө берген негизги күбөлөрдүн бири (депутаттын мурдагы жардамчысы) күч органдарына берген маалыматы жалган экенин айтууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын жакындары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күбө 17-май күнү Самаковдун адвокаты Икрамидин Айткуловго келип, прокуратурага берген маалыматтары жалган экенин, муну депутаттан өч алуу максатында жасаганын билдирген. Адвокат анын айткандарын кагазга өз колу менен жаздырып алган. Күбөнүн жазганына караганда, мурда Самаков менен пикир келишпөөчүлүккө барып, ызаланып жүргөнү үчүн ага каршы көрсөтмө берген.
Күбө абийири жол бербей, адвокатка ачыгын айтканын, Башкы прокуратурага да барып, мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартарын белгилеген. Бирок бул боюнча башкы көзөмөл органы азырынча комментарий бере элек.
Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп 14-майда кылмыш иши козголгон. Эртеси күнү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Ушул тапта анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралууда. (SE)