Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Жогорку Кеңеш ЕАЭБнын келишимдерин кароодо


Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев маалымат берүүдө. Ал Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине дароо эле кирбегенин, бул маселе үч жылдай талкууланганын белгиледи. Ошондой эле биримдикке кирүү боюнча мамлекеттин саясатын калктын 80-90 пайызы колдоого алганын кошумчалады.

- Биз менен өнөктөш мамлекеттерден да эрте карап бергиле деп кайрылып жатабыз. Акыркы ратификация өткөн күндөн баштап ЕЭАБнын келишими иштей баштайт. Анын негизинде Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бажы чек аралар алынат. Ал алынса кыргыз элине, ишкерлерге төрт, капиталдын жүгүрүү эркиндиги, товар жүгүрүү, кызмат берүү жана жарандардын кирип-чыгуу эркиндиги келет.

Ушул тапта Жогорку Кеңеш Кыргызстандын биримдикке кошулуусу боюнча келишимдерди кароодо. Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада 8-майда кол койгон. Биримдикке кирген беш өлкө, Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын парламенттери документтер топтомун ратификациялаган соң жеңилдиктер толук кандуу иштей баштайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG