Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Чүйдө мөндүрдөн 22 гектар жердеги өсүмдүк жабыркады


Чүйдө мөндүр аралаш жааган жаандан эгин талаалары жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кечээ, 27-майдын кечинде Кеминдин Бейшеке айылында 7-8 мм мөндүр аралаш катуу жаан жаап, жергиликтүү калктын талаадагы өсүмдүктөрүн талкалап кетти.

250 турак жайдын 16 гектар огороду, 6 гектар эгин талаалары (жүгөрү, картошка, кант кызылчасы ж.б.) жабыр тартты.

ӨКМ кырсыкты алдын алуу үчүн мурда курган каналдар толугу менен иштеп, Бейшеке айылында турак жайларды селден сактап калды.

Учурда жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиясы кечээ күнкү кырсыктын кесепеттерин тактоо иштерин жүргүзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG