Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Министрлик депутат Осмоналиевдин билдирүүсүн четке кагууда


Атайын бала бакчада тарбияланып жаткан балдардын көбүнүн дени сак денен маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Билим жана илим министрлигинин кызматкери Салтанат Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, атайын бала бакчага балдар психолог, дарыгер жана педагогдордун консультациясынан кийин гана тандалып алынат. Мындай бакчалардын саны 14. 10у Бишкекте, 3 Ошто, 1 Чүйдө.

- Мисалы, Бишкектеги 10 бала бакчада 1200 бала тарбияланууда. Алардын 825и сүйлөө жагынан кыйналгандар, кекеч, нышан болуп төрөлгөндөр. Калгандары угуу, көрүү органдарынан, буту-колунун кыймылдашы жагынан түрдүү илдетке чалдыккан балдар, - деди Мамбетова.

Адистин айтымында, мындай бакчаларда шарт башкалардан айырмаланбайт, болгону жардамга муктаж балдар менен логопед, окулист, ортодед адистер иштейт. Мамбетова учурда Бишкекте 300 бала бул бакчаларга кезекте турарын кошумчалады.

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев 50 атайын бала бакча бар, алардагы балдардын 70% дени сак экенин айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG