Өлкө бийлиги 1-июлдан тарта жаңы келишим түзүлгөнгө чейин Орусиядан көгүлтүр отун алуу токтотуларын жарыялады. Бирок “Газпром” компаниясы Украина аркылуу Европага газ жеткирүүнү уланта берерин мамлекеттик “Нафтогаз” ишканасы билдирди.
Газ сатып алууну улантуу боюнча Венада өткөн сүйлөшүүлөр Украинанын пайдасына чечилип жатканын өлкөнүн энергетика министри Владимир Демчишин билдирди. Бирок орус тарап муну саясий чечим деп баалады. Кезектеги сүйлөшүүлөр сентябрда уланат.
2014-жылы Виктор Януковичтин бийлиги кулатылган соң Орусия Украинага берип жаткан газдын баасын кымбаттаткан. Ал арада Киев “Газпромдон” сырткары Европанын башка өлкөлөрүнөн көгүлтүр отун сатып алуу көлөмүн кеңейтүүдө. (SE)